Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:00

Кыргызстанга Венеция комиссиясынын өкүлдөрү келет


Комиссия сот системалары боюнча Жогорку Кеңеш иштеп чыккан беш мыйзам долбоорго өзүнүн баасын бермекчи. Бул тууралуу депутат Данияр Тербишалиевдин жардамчысы “Азаттыкка” тастыктады. Мыйзам долбоорлор соттордун көз карандысыздыгын камсыз кылууга багытталганын. Тербишалиев өлкөдөгү адам укуктарына байланышкан кырдаал реформалардын сапатына байланыштуу болорун белгилөөдө. Маалыматка ылайык, Венеция комиссиясынын өкүлдөрү Бишкекте 29-апрелде өтө турган тегерек үстөлгө катышмакчы.

2010-жылдын апрель ыңкылабынан кийин даярдалган Баш мыйзамды Венеция комиссиясы жактап берген. Венеция комиссиясы Европа Кеңешинин алкагында 1990-жылы түзүлгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG