Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:23

Тажикстанда мечиттердин тазалыгы текшерилүүдө


Тажикстандын саламаттык сактоо кызматы Куляб шаарындагы 50 мечиттеги санитардык абалды текшерүүдө. Облустук бийликтин жооптуу кызматкери Жамшид Рофиев “Азаттыкка” ар бир мечиттин даарат алчу жайынын, намазканасынын жана тегерегинин тазалыгы текшериле турганын тастыктады.

Ислам кайра жаралуу партиясы мечиттердин тазалыгын текшерүү - аларды жабууга шылтоо болуп бериши мүмкүн деп кооптонот. Дин иштери боюнча мамлекеттик өкмитеттин төрагасы Мавлон Мухтаров санитардык абалын текшерүү - мечиттерди кайра каттоонун негизги шарты экенин билдирди. Тажикcтанда 3350гө жакын мечит бар.

XS
SM
MD
LG