Ливиянын батышынан акыркы үч жумада Тунистин түштүгүнө 30 миң ливиялык качып өттү. Качкындардын көбү берберлер экенин Улуттар Уюмунун Качкындар агенттигинин өкүлү Андрей Махечич 26-апрелде билдирди. Мурдараак Муаммар Каддафиге ишенимдүү күчтөр Батыш тоолорундагы Бербер шаарын аткылап жатканы маалымдалган.