Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:38

Сирияда акыркы 5 жумада 400дөй адам набыт болгону кабарланууда


26-апрелде Сириянын түштүгүндөгү Дараа шаарында пулемоттун жана артиллериялык куралдардын үнү жаңырып жатты. Бул жөнүндө жергиликтүү элге шилтеп Батыш маалымат булактары кабарлашты. Дараадагы анти-өкмөттүк чыгууларды басуу үчүн кечээ дүйшөмбү күнү шаарга танктар коштогон аскерлер киргизилген болчу. Эл аралык мунапыс уюмунун билдиришинче, 25-апрелде Дараада 23 киши набыт болгон. Оппозиция өлкө боюнча саясый реформаны талап кылган демонстранттарды колдогон жүздөгөн адамдар камакка алынганын маалымдады.

БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун Сириянын түштүгүндөгү Дараа шаарындагы кандуу булоонду көз карандысыз иликтөөгө чакырды. Шейшемби күнү сириялык адам укугун коргоочу уюмдар 5 жума мурда анти-өкмөттүк демонстрациялар башталгандан бери коопсуздук күчтөрүнүн огунан 400дөй адам курман болгонун билдирди.

XS
SM
MD
LG