Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:28

Жаңы конуштардагы балдардын 75% мектепке чейинки даярдоого барбайт


Бул тууралуу Бишкектеги жаңы конуштар боюнча иш алып барган “Эреп” асоцияциясынын жетекчиси Мирзат Аджиев “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, март айынын акырында “Сапаттуу билим” долбоорунун алкагында ушул күздө мектепке бара тургандар арасында сурамжылоо жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында Бишкектеги 45 жаңы конушта быйыл мектеп босогосун аттай турган 2 миң 7 жүздөн ашуун өспүрүм бар экендиги аныкталган. Алардын 600дөн ашыгы гана даярдоо мектептерине барары такталган. Балдардын мектепке чейинки даярдоо курстарына бара албаганынын негизги себеби каражаттын жетишсиздиги болуп саналат. (KKs)

XS
SM
MD
LG