Чукул кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Абдишарип Бекилов Нарындын Ак-Сай өрөөнүндөгү кыштоолордогу абалы оор төрт чабанды алып келүү үчүн бүгүн эртең менен тик учак жөнөтүлгөнүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, тик учак менен барган куткаруучулар чабандарга дары-дармек азык түлүктөрдү ала кетишти. Апрель айынын башында Ак-Сай өрөөнүндө калың жааган кардан Сары-Иймек, Кароол кыштоолорундагы чабандарга барган жол жабылып калган. Малга тоют жетпей, чабандардын абалы кыйындаган болчу. Ат-Башы районунун акими Жаныбек Дүйшеевдин билдиришинче, Ак-Сайда жыл сайын 20дай үй-бүлө мал-жандыгы менен кыштайт. (EBM)