Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:46

Ак-Талаада кутурма оорусу катталды


Нарындын Ак-Талаа районундагы Кош-Дөбө айылынын тургунунун уюна түлкүдөн кутурма оорусу жуккан. Чукул кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Абдишарип Бекиловдун билдиришинче, азыр Кош-Дөбө айылдык округу боюнча 200дөн ашуун ит жана уйга кутурма оорусу жуккан жарандын баардык малы эмдөөдөн өткөрүлдү. Райондук ветеринардык башкармалык кутурма оорусуна байланыштуу Кош-Дөбөгө чектөө киргизди.

Ветеринария боюнча мамлекеттик департаменттин жетекчисинин орун басары Марат Сыдыгалиев жыл башынан бери өлкөдө кутурма оорусуна байланыштуу ондой окуя катталганын, анын дээрлик 90 пайызы өлкөнүн түштүгүндө болуп жатканын “Азаттыкка” билдирди. (EBM)

XS
SM
MD
LG