Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:53

Депутаттардын фракциядан чыгуусуна тыюу салуу сунушу көтөрүлдү


Парламентте “Жогорку Кеңештин регламенти тууралуу” мыйзам долбоор талкууланып жатат. Анда долбоордун демилгечилеринин бири депутат Асылбек Жээнбеков депутаттардын бир фракциядан чыгып, башкасына киришине тыюу салуу тууралуу жобо бар экенин билдирди. Жакында эле оппозициячыл “Ар-намыс” фракциясынын он депутаты коалициялык көпчүлүккө кошула турганын жарыялаган. Бул мыйзамдык жактан бир топ талаштарды жараткан болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG