Бүгүн кыргыз өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаевдин Түркиядага эки күндүк иш сапары уланууда. Анын алкагында Анкарада “Кыргызстан-Түркия” деп аталган бизнес форумга катышат. Түштөн кийин түрк президенти Абдулла Гүл менен жолугат.
Кечээ Атамбаев түрк кесиптеши Режеп Тайып Эрдоган менен жолуккан. Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче, анда бир катар макулдашууларга кол коюлган. Ага ылайык эки өлкөнүн жарандары бири-бирине визасыз каттай алат. Түркия Кыргызстанга 61 миллион долларды грант катары берет. (EBM)