Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:50

Акыйкатчы институту Индонезияда кармалган Сакееванын укугун коргоого киришти


“Азаттык” кыргызстандык Жибек Сакеева Индонезиянын Бандунг шаарынын аба майданында былтыр күзүндө маңзат менен кармалып абакка түшкөнүн, анын 17 жылга түрмөгө кесилиши ыктымалдыгын жазган эле. Акыйкатчы Турсунбек Акун бул маселени угары менен иликтөөнү жана аны мүмкүн болсо укугун коргоп, бошотуп алууга киришти. Акун учурда Кыргызстан жаранынын укугун коргоого чакырып президент, башкы прокуратура, тышкы иштер министрлигине жана Жогорку Кеңешке кат даярдап жатканын “Азаттыкка” билдирди. Мындан Индонезиядагы акыйкатчылар менен байланышууга аракет жасалууда. “Ал жакта ар кайсы багытта төрт акыйкатчы бар. ТИМдин бул окуяны жарым жылдан бери билсе да же бизге, же башка органдарга айтпай отура бергени туура эмес. Тилекке каршы, буга чейин 3-4 соттун жыйыны болуптур. Өкүм чыгарып коюу коркунучу бар. Ал жакта маңзат менен кармалгандарга көбүнчө атууга өкүм чыгарылат. Ал эми кыздын укугун коргогон эч ким жок, абалы оор дешет, ”, - дейт Акун.

Индонезияда маңзат менен кармалган кыргыз кызы Жибек Сакеева африкалык бир таанышынын жүгүн бул өлкөгө жеткирүүгө макул болуп, бирок анда маңзат бар экенин билбегенин айткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG