Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:04

Карачиде талиптердин чабуулунан дагы 5 киши курман болду


28-апрелде Пакистандын Карачи портуна жумушчуларды тартып бараткан автобус жолго коюлган минага кабылып, төрт жумушчу жана мотоциклчен жолоочу курман болду. Ондон ашуун адам жараат алды. Синдх провинциясынын башкы министри Кайым Али Шах:“Карачи өтө чоң шаар. Ким да болсо алыстан башкарылчу бомбаны койгонго аракет кылышы мүмкүн. Бул ирет да ошондой болду, жолго коюлган бомбаны алыстан туруп жардырышты”, - деп билдирди.

Аптанын шейшемби күнү да портко жумушчуларды ташыган эки автобус жардырылып, төрт киши набыт болгон. Үч бомба чабуулу үчүн тең жоопкерчиликти талиптер өздөрүнө алды.

XS
SM
MD
LG