Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму - ЕККУ Беларуста көз карандысыз эки гезит жабылышы ыктымал экенине тынчсыздануусун билдирди. 28-апрелде ЕККУнун маалымат каражаттарынын эркиндиги боюнча өкүлү Дунйя Мижатович бейөкмөттүк “Наша нива” жана "Народная воля" гезиттерине каршы кылмыш ишинин козголгонуна кооптонуп, “бул кадам бийлик өкмөттү сындаган гезиттерди муунтуп, маалымат мейкиндигин түрдүү көз караштарга жабуу аракетин күбөлөй” турганын билдирди.
Бул эки чоң гезит 11-мартта Минск метросунда болгон жардырууну жана былтыр 19-декабрдагы президенттик шайлоону чагылдырган материалдары үчүн бир нече жолу соттон эскертүү алышкан.
Бул эки чоң гезит 11-мартта Минск метросунда болгон жардырууну жана былтыр 19-декабрдагы президенттик шайлоону чагылдырган материалдары үчүн бир нече жолу соттон эскертүү алышкан.