Жапонияда 11-марттагы жер титирөөнү коштогон цунамиден бери өнөр жай продукцияларын өндүрүү 15, 3 процентке азайды. Бул жөнүндө Экономика, соода жана өнөр жай министрлиги 28-апрелде маалымдады. Жапониянын өнөр жайы жана кендеринде 1953-жылдан бери өндүрүш мынчалык кыскарган эмес. Өкмөттүн статистика кеңсесинин маалыматы боюнча, жыл башынан бери элдин товар жана азык-түлүк керектөөсү 8,5 процентке азайган.