Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:34

АКШда ураган 160 кишинин жанын алды

АКШнын түштүгүндө бороон чапкыт менен ураган (торнадо) кеминде 160 кишинин өмүрүнө зобун келтирди. Маалыматка караганда, 27-апрелде Алабама штатында табигый апаат 128 кишинин жана Миссисипиде 32 кишинин өмүрүн жалмаган. Ошондой эле Жоржия жана Теннесси штаттарында да өлүм-житим бар экени кабарланды. Шаршембиден бери катма-кат 100дөн ашуун ураган болгон жети штатта чукул кырдаал абалы жарыяланды. Катуу бороон чапкыт имараттарды кыйратып, автомобилдерди тоңкоруп, электр мамылары менен дарактарды жулуп салган.
XS
SM
MD
LG