Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:06

Индонезияда кармалган кыргыз кызынын тагдырын министрлер талкуулашат


Тышкы иштер министрлинигин басма сөз кызматынан «Азаттыкка» билдиришкендей, Индонезияда баңги зат менен кармалган кыргызстандык Жибек Сакееванын тагдыры май айынын акырында эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда талкууланат. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 25-27-май күндөрү Жакартага сапар алганы турат. Анда Индонезиянын министри менен эки өлкө ортосундагы байланыштар менен катар, түрмөдө отурган кыргыз кызынын абалы тууралуу сүйлөшүүлөр болмокчу.

Министрликтен билдиришкендей, Кыргызстандык Жибек Сакeева өткөн жылдын октябрь айында Индонезиянын Бандунг шаарында бир кило гашиш менен кармалган. Ал африкалык бир таанышынын жүгүн бул өлкөгө жеткирүүгө макул болуп, бирок анда маңзат бар экенин билбегенин айткан.

Кыргызстандык Жибек Сакеева Индонезияда камакта отурганын алгач “Азаттык” жазып чыккан. (KKs)

XS
SM
MD
LG