Армениянын баш калаасында 4 миңдей киши чогулуп, жаңы президенттик жана парламенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылышты. Бул Еревандын борбордук аянтында үч жылдан берки биринчи демонстраия. 2008-жылдын мартында полиция менен кагылышта 10 кишинин өмүрү кыйылып, 250дөн ашыгы жараат алгандан кийин, бийликтер борбордук аянтты жаап коюшкан эле. Кечээки акцияны оппозициячыл Улуттук Конгрессти жетектеген экс-президент Левон Тер-Петросян баштап чыкты. 2008-жылдын февралында Тер-Петросян президенттик шайлоодо жеңилип калгандан кийин, массалык толкундоолор башталган эле.