АКШнын Федералдык сотунда күнөөлүү деп табылган Константин Ярощенко 10 жылдан өмүрүнүн агына чейинки мөөнөткө эркинен ажрыашы мүмкүн. Ярощенко жана аны менен катар Нигериялык ГигБо Петер Умех 2010-жылы май айында Либерияда соттолуп, кийин Кошмо Штаттарына которулган. Камакка алуунун мезгилинде Либериянын өкмөтү төрт тонна кокаин колго түшүрүлгөнүн билдирген. Орусия АКШны өз жаранын барымталап алды деп айыптаган.