Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:31

Кожентте кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүү өтөт


Чек араларды аныктоо боюнча кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиясынын жумушчу тобунун келерки жолугушуусу май айында Тажикстандын Кожент (тажикче Хужанда) шаарында өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Баткен облусунун губернаторунун маалымат катчысы Мамажан Бердишов билдирди. Анын айтымында, учурда эки тараптын чек ара боюнча сүйлөшүүлөрү жанданган, буга чейинки жолугушуу Лейлектин Исфана шаарында болгон.

Эки өлкө ортосунда такталбаган 970 чакырым жер бар эле. Учурда 300дөн ашык чакырымы такталган, эми дагы 500 чакырымы калды. Бул көбүнчө калк жайгашкан, айдоо аянттары кесип өткөн жерлер болуп саналат. (EBM)

XS
SM
MD
LG