Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Аба ырайы: шашылыш билдирүү


28-30-апрель күндөрү Кыргызстандын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында нөшөрлөп жааган жаанга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт. 30-апрелде түнкүсүн бир топ жерлерде, күндүз айрым аймактарда жаан жаап күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл кылаасында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24 градус жылуу. Талас облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22 градус жылуу. Баткен облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27 градус жылуу. Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30 градус жылуу. Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22 градус жылуу.
Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 18…23 градус жылуу.

Бишкекте 30-апрелде түнкүсүн маал-маалы менен жаан жаайт, күндүз жамгыр жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 9... 11, күндүз 22... 24 градус жылуу болот. (EBM)

XS
SM
MD
LG