Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:43

Күйүүчү май боюнча Орусия менен сүйлөшүү жүрүп жатат


Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Жумакадыр Акенеев “Азаттыктагы” маегинде билдирди. Анын айтымында, күйүүчү майдын баасы Орусиянын өзүндө жогорулаганына байланыштуу Кыргызстанда да 5-6 сомго кымбатташы мүмкүн. Күйүүчү май тууралуу сүйлөшүү жүргүзүү үчүн аталган ассоциациянын өкүлдөрү Орусияга жөнөп кетишти. Маалыматка караганда, Кыргызстанда азыр күйүүчү майдын кору дагы 10-15 күнгө жетет. Кыргызстан күйүүчү майдын 90 пайыздан ашыгын Орусиядан алат. (EBM)

 

XS
SM
MD
LG