Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:38

Орусияда 60-80 миңге жакын кыргызстандык жумуш издеп жүрөт


Бул тууралуу Эмгек, калкты жумуш менен камсыз кылуу жана миграция министри Алмазбек Абытов кечээ Ош шаарында өткөн миграция темасындагы конференцияда билдирди. Анын айтымында, Орусия аймагында жумуш издөө менен алек болгондордун так макамы аныкталган эмес. Расмий маалыматка ылайык, Орусияда 500 миңден ашык кыргызстандык эмгек мигранттары бар. Аталган өлкөнүн Федералдык миграция кызматынын маалыматы боюнча, 2010-жылы 96 миңдей кыргыз жараны Орусияда иштөөгө уруксат алышкан. Эмгек патентин алуу жолу менен 17 миң адам иштеп жатат. Натыйжада 2010-жылы 113 миң кыргызстандык гана Орусиянын аймагында мыйзамдуу түрдө иштешкен. Калган мигранттар эч кандай каттоосуз, түрдүү жолдор менен барып, иштеп калышкан. 2010-жылга карата 240 миң чамалуу кыргызстандык Орусиянын жарандыгын алган. (KKs)

XS
SM
MD
LG