Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:20

Ош, Жалал-Абаддын бир катар айылдарындагы үйлөрдү суу каптады


Бул тууралуу Чукул кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматкери Абдишарип Бекилов “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка ылайык, 29-апрелдин кечинде жааган жамгырдан улам Жалал-Абад, Ош облусунун бир катар айылдарындагы үйлөрдү суу каптап, айрым аймактарда жолдорду алып кеткен. Адам өмүрүнө коркунуч туудурган учурлар катталган жок.

Жалал-Абад облусундагы Аксы районундагы Кара-Суу айылдык округунда 12 үйдүн там аркаларын суу каптап, үч үйгө суу кирген. Ак-Жол айылдык округунда жолду майда таш жаап калган.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Суу айылдык округунда 30дан ашык үйдүн там аркаларын суу баскан. Айылдык ички чарбалык жолдун 200 метр суу алып кеткен.

28-апрелдеги катуу жаандан улам да Оштун Кара-Кулжа, Өзгөн, Ноокат, Кара-Суу райондорундагы айрым айылдарында да сел жүрүп, бир катар үйлөрдү суу каптаган болчу. Аталган аймактарда Чукул кырдаалдар министрлигинин атайын ыкчам топтору жана мониторинг департаментинин адистери тактоо- иликтөө иштерин алып барышууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG