Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:07

Кыргызстан “Кумтөрдөн” дивиденд катары 33 млн. доллар алат


Бул тууралуу “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун жетекчиси Осмонбек Артыкбаев бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди. Маалыматка ылайык, 2010-жыл үчүн берилип жаткан бул каражат май айынын ортосунда өлкө бюджетине которулат. Артыкбаев белгилегендей, “Кумтөр” алтын кени үчүн Кыргызстанга 2001-жылдан бери дивиденд төлөнүп келе жатат. 2001-2009-жылдар аралыгында жалпысынан 14,6 миллион доллар гана бюджетке түшкөн.

Ысык-Көл облусундагы “Кумтөр” алтын кенин Кыргызстан-Канада биргелешкен “Центтера голд инк” компаниясы иштетип келет. Кыргызстан бул компаниянын 33 пайызына ээлик кылат. (KKs)

XS
SM
MD
LG