Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:34

Жарандык коом: кант диабети менен ооругандар көбөйдү


Жарандык коомдун жана бир катар уюмдардын өкүлдөрү Кыргызстанда кант диабетине чалдыгып, бул илдеттен жапа чеккендердин саны өскөнүн белгилешип, жарандарга көмөк көрсөтүү сунушу менен өкмөткө, бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жөнөтүштү. Алар оорулууларга акысыз дары-дармек берүүнү жана тиешелүү шарттарды түзүүнү өтүнүшүүдө.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда кант диабети менен дарыгерлерге кайрылгандардын саны 32 миңден ашык. Кайрылбаган оорулууларды кошкондо бул көрсөткүч 2-3 эсеге көп болушу мүмкүн. Булардын ичинен 7400 адам кант диабетинин 1-2-түрүнөн жабыркап, туруктуу инсулинге муктаждыгы бар. Оорунун 2-түрүнө чалдыккандардын көбүн жетишсиз үй-бүлөлөрдөгү кары-картаңдар түзөт. (KKs)

XS
SM
MD
LG