Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:16

2-майда жаан-чачын болбойт


Синоптиктердин маалыматы боюнча, 2-майда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31 градус жылуу болоору күтүлүүдө. Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 24…29 градус болот. Баткен облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30 градус болсо, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31 градуска чейин жылыйт. Ысык-Көл аймагында түнкүсүн 5 …10, күндүз 19…24 градус жылуу, Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 21…26 градус жылуу болмокчу. Тоолордо түнкүсүн -4…+1 градус суук, күндүз 5…10 градус жылуу болмокчу.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 3…8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15 градус жылуу, күндүз 28…30 градус жылуу болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG