Бул тууралуу "Азаттыкка" "Ар-намыс" фракциясынын башчысы Феликс Кулов билдирди. Анын айтымында, өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев бул аптада Түркияда, андан соң Ошто иш сапары менен болуп, "Ар-намыстын" коалицияга кирүүдөгү талаптары менен толук тааныша элек. Натыйжада коалиция маселеси боюнча сүйлөшүүлөр келе жаткан аптада уланышы мүмкүн.
20-апрелде “Ар-намыстын” лидери Феликс Кулов өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп, кеңири коалиция түзүүнүн жолдорун жана талаптарын сунуштаган.
“Ар-намыс” фракциясынан депутат Акылбек Жапаровдун буга чейин “Азаттыкка” ачыктаганы боюнча, аталган фракция өкмөттүн эффективдүү эмес чыгымдарын кыскартуу, структурасын кайра карап чыгуу, өкмөттүн программасына "Ар-намыстын" экономикалык программасынын өзөктүү жерлерин кошуу өңдүү талаптарын билдиришүүдө.
Коалициялык көпчүлүктү түзгөн фракциялар бул талаптарга макул болсо, “Ар-намыс” коалицияга кирип калышы мүмкүн. Апрель айынын башында “Ар-намыстын” он депутаты азыркы коалицияга кошулуу ниеттерин билдиришкен. (KKs)