Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:07

Баткенде чек ара маселелери талкууланат


Президент Роза Отунбаева 2-майда эки күндүк иш сапары менен Баткен облусуна барат. Бул маалыматты “Азаттыкка” президенттин басма сөз кызматы тастыктады. Өлкө башчысы Баткен дубанындагы чек ара тилкелерин кыдырары кабарланды.

Февраль айында аталган аймакта болгон кезинде президент чек ара коопсуздугу жаатында бир топ тапшырмаларды тийиштүү кызматтарга берген болчу. Отунбаева 2-майда да аймакта болуп, тапшырмалардын аткарылып жатканынан кабар алып, Тажикстан жана Өзбекстан менен чек араларды кыдыра турганы маалымдалды.

Жогорку Кеңеш 29-апрелде коопсуздук жана чек ара маселелерин талкуулап, ошол эле күнү чек ара кызматынын жетекчилерин кызматтан четтетүү токтомун бекитишкен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG