Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:43

Шаар тургундары “Ата-Түрк” багындагы курулуштарга каршы кол топтоодо


Бишкек шаарынын тургуну, “Ата-Түрк” гүлбагындагы бак-дарактардын кыйылып, курулуш иштеринин уланып жатканына каршы топтун өкүлү Илим Алиев учурда 300дөй кол топтолгонун “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, бул маселеге кайдыгер карабаган шаар тургундары бийликтин көңүлүн бурдуруу үчүн акция өткөрүүгө камынууда. Ага бир катар жаштар уюмдарынын катышуусу күтүлүүдө. Учурда акциянын жол-жобосу такталууда.

Буга чейин “Ата-Түрк” сейил багынын тегерегиндеги карагайлардын, бактардын кыйылышына каршы адамдардын тобу президентке, өкмөткө, Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдоп, бир нече жолу аталган жайда ишембилик өткөрүшкөн. Буга чейин кайрылуу ээлери президент бул маселени иликтөө боюнча Бишкек шаардык мэриясына, өкмөт Башкы прокуратурага тапшырма бергени тууралуу жооп алышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG