Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:55

Прокуратура банк уячаларынан табылган акчаларды иликтеп жатат


Президент Роза Отунбаева банк уячаларынан табылган миллиондогон акчалардын чоо-жайын 10-майга чейин иликтеп-териштирүүнү Башкы прокуратурага тапшырды. Бул тууралуу президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Азимбек Бекназаров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, прокуратурада бул боюнча атайын комиссия түзүлдү. Банк уячаларынан алынган акчаларды Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия да иликтеп жатат. 7-апрелден кийин банк уячаларынан ээси аныкталбаган 21 миллиондон ашык доллар алынганы кабарланган. Бийлик алмашкандан кийин түзүлгөн Убактылуу өкмөт анын 1,5 миллионго жакыны былтыр жайдагы оор кырдаалды жөнгөрүүгө жумшалганын билдирген болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG