Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:07

Жамгырчиева дүйнө чемпионатында коло медаль алды


Кыргызстандык спортчу Ажар Жамгырчиева бокс боюнча дүйнө чемпионатында кыздар арасындагы таймашта коло медаль утуп алды. Таймаш Түркиянын Анталия шаарында өттү. Спорт журналисттер федерациясынын баш катчысы, “Азаттыктын” спорттук баяндамачысы Кабыл Маекштин билдиришинче, 66 килограмм салмактагы таймашууда жарым финалда Жамгырчиева түркиялык атаандашына утулуп калды. Буга чейин Кыргызстандын спорт тарыхында бокс боюнча дүйнө чемпионатында кыздар арасындагы мелдеште үчүнчү орунду алгандар болгон эмес. (EBM)

XS
SM
MD
LG