Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:47

Сирияда жүздөгөн демонстрант камакка алынды


Коопсуздук күчтөрү өлкөнүн бир топ шаарларында нааразылык акцияларына чыккан элди камакка алып жатышканы тууралуу айтылууда. “Рейтер” маалымат агенттиги Дераа шаарын танкалар менен басып кирген өкмөттүк аскерлер көзөмөлдү колго алышкандан кийин камакка алуу күчөгөнүн кабарлады. Белгилүү укук коргоочулар чыгыштагы Камишли, Ракка шаарларында жана Дамасктын айланасында кармалышкан. Өлкөдө президент Башар ал-Ассаддын кызматтан кетишин талап кылган нааразылык акциялары башталгандан бери 580 адам коопсуздук күчтөрүнүн колунан өлдү.

XS
SM
MD
LG