Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:33

Апрель окуялары боюнча сотто судья алмаштырылбайт


Бүгүн апрель окуялары боюнча соттук териштирүү судья Дамир Оңолбековдун төрагалыгы астында уланат. Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиевдин билдиришинче, 26-апрелде Жогорку Сот мурдагы прездент Курманбек Бакиев жана анын жакындарынын адвокаты Ирина Камарданын сотту алып барып жаткан судьяга ишеним көрсөтпөө тууралуу арызын четке каккан.

Апрель окуялары боюнча соттук териштирүү 18-мартта жанданган. Анда мурдагы президент Бакиев баштаган 28 адамга айып тагылууда. Алардын ичинен 8 адамга издөө жарыяланган эле. (EBM)

 

XS
SM
MD
LG