“Интел Линкс” ишканасынын жетекчиси Таалайбек Жумадылов өкмөт чукул чара көрбөсө күзгө карай Кыргызстанда паспорт тартыштыгы күчөшү ыктымал экенин эскертти. Анын айтымында ID карта үчүн керектүү материалдар сентябрь айынын башында, ал эми паспорт алуу үчүн толтуруучу кагаздар сентбрь айынын этегинде түгөнөт. “Интел Линкс” ишканасы паспортторду даярдап басып чыгаруу менен алектенет. (EBM)