Бул тууралуу партиянын лидери Темир Сариев бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, “Ак шумкар” партиясынын курултайында кабыл алынган президенттик шайлоого талапкер көрсөтүү тууралуу чечими БШКга тапшырылды. Партия 4-майда болгон курултайында президенттикке Темир Сариевдин талапкерлигин көрсөткөн эле. 11-майда талапкер Сариевдин 5 ыйгарым-укуктуу өкүлдөрү БШКда катталды. Ага чейин эки өкүл каттоого алынган. Азыркы мезгилде алар кол топтоо иштерин жүргүзүүдө.(AiT)