Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:17

“Кумтөр” ишканасы боюнча талашка сот укуктук баа берүүнү максат кылууда


Ушундай негиз менен Бишкек райондор аралык соту Жогорку Кенештин вице-спикери Кубанычбек Исабековдун арызын кечээ канагаттандырган жок. Исабеков соттон “Кумтөр” алтын кенин иштетүүчү канадалык ишканага каршы берген мурдагы доо арызын кароону токтотууну сураган. Муну депутат Кыргыз өкмөтү менен Канадалык ишкана ортосунда жаңы макулдашууларга жетишилип, ал парламентте ратификациялангандыгы менен негиздеген. Исабеков мурдагы арызында өкмөттүн 2003-жылдын 31-декабрдагы токтомун, оңдолгон жана кошумчаланган концессиялык келишимди жана Өкмөт, “Кыргыз алтын” ишканасы, “Камеко корпорейшн” корпорациясы жана “Центерра Голд Инк” компаниясынын макулдашуусун жокко чыгарууну сурап кайрылган болчу. Райондор аралык соттун 11-майдагы чечимине ылайык эми Исабековдун мурдагы арызын кароону сот улантат. (BuS)

XS
SM
MD
LG