Бүгүн Бишкек шаардык соту “Жашылдар” партиясынын лидеринин баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу арызын карайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” саясатчынын адвокаты Мукар Чолпонбаев билдирди. 30-апрелде Биринчи май райондук соту саясатчыны эки ай камакта кармоо чечимин чыгарган. Коопсуздук Комитетинин камагында отурган Эркин Бөлөкбаев Кылмыш кодексинин 233-беренесинин 3-пункту боюнча “Массалык тартипсиздик уюштурду” деп айыпталууда. Саясатчы Петровка жаңжалына байланыштуу 27-апрелде Бишкек-Ош автожолун тосуу акциясынын учурунда кармалган. Кечээ Саясий куугунтукка каршы комитет оппозициялык лидерлер Аликбек Жекшенкуловду, Эркин Бөлөкбаевди жана жарандык лидер Сапар Аргымбаевди саясий туткун деп атады. (BuS)