Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:21

Депутатты өлтүрдү деп шектелген адамдын саламаттыгы кескин начарлады


Бул тууралуу депутат Санждар Кадыралиевди өлтүрдү деп камалган Алтынбек Итибаевдин адвокаты Абдиев Токтогул “Азаттыкка” бүгүн билдирди. Анын айтымында Итибаевдин ден соолугу кескин начарлап, кыймылсыз жатып калган. “8-майдагы жолугушууда Алтынбектин саламаттыгы эң сонун болчу, кечээ барсам шал болуп жатып калыптыр” деп билдирди адвокат Абдиев. ИИМ Итибаев Алтынбекке мамлекеттик ишмердин өмүрүнө кол салды деген айып тагып, тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Кылмышка шектүү бул адам видео байкоо жүргүзүүчү аппараттын жардамы менен кармалып, камакка алынган. Буга чейинки маалыматтарда Итибаев депутатты коммерциялык талаш-тартышка байланыштуу өлтүргөндүгү, ал жардам берген башка адамдар тууралуу маалыматтарды берип жаткандыгы айтылган. Жогорку Кеңештин депутаты Санжар Кадыралиев 14-апрелде өз үйүнүн жанында атып өлтүрүлгөн. (BuS)

XS
SM
MD
LG