Грузияда оппозиция президент Михаил Саакашвили менен жолугушуудан кийин мөөнөтсүз нааразылык акциясын улантуу тууралуу чечимге келди. Президент менен жолугушууга оппозициянын төрт лидери катышып, тараптар мунасага келе алган жок. Оппозиция лидерлери парламенттин алдында чогулган миңдеген тарапкерлери алдында сөз сүйлөп, митингдер уланарын жарыялашты. Сыналгы аркылуу калкка кайрылуусунда президент Саакашвили бул жолугушуу алга карай ташталган маанилүү кадам болгонун белгиледи. Саакашвилинин кызматтан кетүүсүн талап кылган митингдер Тбилисиде 9-апрелде башталган.