Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:34

Клара Кабилованын Бишкектеги дайыны эч кимге белгисиз


БШКнын өткөн жылы Кыргызстандан Москвага качып кеткен мурдагы төрайымы Клара Кабилова Бишкекке кайтып келди деген кабарды бир катар гезиттер менен маалымат агенттиктери жазып чыгышты. Бирок анын чын эле келгендигин жана кандай максат менен кайткандыгын бийликтин да, кийин Москвада жолугушту деген оппозициянын өкүлдөрү да "Азаттыкка" тастыкташкан жок. Клара Кабилова өткөн жылы күздө президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин коркутуп-үркүтүүсүнө чыдабай, кызматынан кеттим деген билдирүүсүн видеотасмага жаздырып коюп, Москвага качып кеткен. Кийин кышта аны менен Москвада оппозициянын бир нече өкүлү жолугушкандан кийин 2007-жылдагы парламенттик шайлоодогу добушту бурмалоолор тууралуу билдирүү жасайт деген маалыматтар да пайда болгон. Бирок андай билдирүү болгон эмес. Клара Кабилова БШК төрайымдыгына чейин президенттин басма сөз катчысы болуп иштеген. (BD)

XS
SM
MD
LG