Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:14

Кыргыз эл артисти Койсун Карасартова акыркы сапарга узатылды


Кыргыз Эл артисти Карасартова Койсун Муталиб кызы менен коштошуу тажиясы Нарын облустук академиялык музыкалуу драма театрында болду. Бүткүл өмүрүн театр дүйнөсүнө арнаган элдик өнөрпозду акыркы сапарга узатууга Нарын шаарынын коомчулугу, Ат-Башы районунан келишкен жердештери, алыс-жууктан ат арытып келишкен санаалаштары катышышты. Коштошуу аземден кийин эскерүү митинг өткөрүлүп, Койсун Карасартованын басып өткөн жолу, адамдык ариеттери белгиленди. Койсун Карасартова 1922-жылы Ат-Башы районундагы Кошой айылында туулган. 15 жаш курагында алгачкы колхоз-совхоз театрында башкы кейипкерди аткарган. Ага 1997-жылы Кыргыз Эл артисти наамы ыйгарылган. (KUs)

XS
SM
MD
LG