Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:34

Ошто Алишер Саипов атындагы сыйлык тапшырылды


«Акыйкат» укук коргоо уюмунун, «Fergana.ru» маалымат агенттигинин жана «Медиа-инкубатор» коомдук фондунун өкүлдөрү журналист Алишер Саипов атындагы сыйлыкты «Азаттык» радиосунун Оштогу кабарчысы Жанарбек Акаевге, «Ачык өрөөн» телерадиопрограммасынын редактору Айбек Хамидовго, «Борбор Азия азаттыгынын үнү» порталынын кызматкери Илья Лукашовго тапшырышты. Иш-чаранын уюштуруучулары сыйлык эмдиги жылы республиканын, 2011-жылдан тартып Борбор Азиянын алкагында өткөрүлүп, массалык маалымат каражаттарында эмгектенген 35 жашка чейинки журналисттерге ыйгарыларын белгилешти.

26 жаштагы Алишер Саипов дүйнөлүк бир катар массалык маалымат каражаттары менен тыгыз байланышта болгон. Учурунда өзбек тилинде «Саясат» гезитин үзгүлтүксүз чыгарып, курч-мурч макалалары менен Өзбекстан Президенти Каримовдун режимин катуу сындап турган. 2007-жылдын 24-октябрында Ош шаарында белгисиз бирөөлөр тарабынан атылып өлтүрүлгөн. (ATo)

XS
SM
MD
LG