“Кылым шамы” уюмунун лидери Азиза Абдырасулованын “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, шаршемби күнү Свердлов райондук соту Шерали Хамдамовдун ишин карайт. БУУ тарабынан качкын статусу берилген өзбек жараны Хамдамов быйыл 19-февралда Бишкекте кармалып, тыю салынган диний баракча, макалаларды тараткан деп айыпталган. Азыркы мезгилде Хамдамов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында кармалып турат. Анын кызыкчылыгын “Кылым шамы” уюму коргомокчу.(AiT)