Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:46

Тыштан соккон шамал күчөгөндөн күчөп баратат


Быйылкы жылдын үч айында Кыргызстандын ички дүң продукт көлөмү 0,2% гана көтөрүлүп, өнөржай өндүрүшү былтыркы жылдын деңгээлине 20% жетпей калды. Күчөп бараткан экономикалык кризис шартындагы өкмөттүн иш-аракети министрлер кабинетинин 13-майдагы жыйынында талкууга алынмакчы.

Кечээ өкмөт башчы Игорь Чудинов Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин үч айдын жыйынтыгын талкуулаган жыйынына катышып, аткаруу бийлигин аксатып жаткан маселе катары күтүлүп жаткан максат-милдеттерди так аныктаган илимий негиздеги болжолдун жоктугун атады. Экономикалык жагдай- кырдаалды кылдат иликтеген илимий институттардын чак-даремети келбесе акчасын төлөп башка күчтөрдү тартуу зарылдыгын белгиледи.

Буга чейин кризис Кыргызстанды кыйгап өтүшү деле мүмкүн экенин айтып ток пейил жүргөн министрлер кабинети ички дүң продукт көлөмүнүн кескин төмөндөп, өткөн жылдагыдан болгону 0,2% гана жогорулаганына ишенип-ишенбей олтурат.

Дүйнөлүк экономикалык мамыр-жумур мамилеге аралаша элек Кыргызстан кризис каарына анча деле тушукпай калышы мүмкүндүгүн мамлекет башчыдан тарта бийлик башында отургандардын көбү кайталап отурушчу.

Журналисттердин суроосуна жооп берген өкмөт башчы Игорь Чудинов президент К.Бакиев эч качан кризис Кыргызстанды кыйгап өтүп кетерин айтпагандагын минтип ырастады:

- Мен маселен, президенттин сүйлөгөн сөздөрүн кунт коюп окуйм. Ал дайыма бизге экономикалык-финансы кризистин капшабы азыраак тийип калышы мүмкүн экендигин айтып келет. Дүйнөдө болуп жаткан кризистен Кыргызстан сыртта калбашын ал такай белгилейт, ал программалык документтерде да камтылган. Башка маселе - бизде анын кээрин бираз жумшартууга убакыт бар. Өкмөттүн учурдагы аракети ушуга багытталган.

И.Чудинов азырынча сандык көрсөткүчтөргө токтолуунун кажаты жоктугун, анын баары өкмөттүк жыйында айтыларын кошумчалады. Анын ырасташынча, азырынча экономикалык кырдаал көзөмөлдө турат.

- Каржылык кризистен өтүп кеттик. Биз үчүн чоң милдет - өнөржайы, өнөржайын өнүктүрүү маселеси болууда. Өнөржайдын төмөндөп кетишине бизден чыкчу товарларга коңшулардан суроо-талаптардын аз келгени себепкер болду.

Өкмөт башчы коңшулар албай койгон товарларды өлкө ичинде сатууну жолго коюу менен өнөржайдагы оор абалды калыбына келтирүүгө болорун ырастады. Ички суроо-талаптын аздыгынан республикадагы ири өнөржай ишканалары токтоп же жарым-жартылай иштеп жатканы көпчүлүккө дайын.

Экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров ушу тапта Кыргызстан кабылып жаткан кысталыш кырдаалды өткөн жылы болжошконун айтат.

- Октябрь айында өткөн жылы биздин министрлик атайын прогнозун берген. Ошол тышкы жактагы соккулар - кризис деп жатабыз, ошонун баары марттын аягында, апрелде келет, деп. Анткени биртоп ишканаларыбыз Орусия менен Казакстанга сатчу базарын жоготуп жатат. Ошондуктан токтоп калат, бөлөк да кыйынчылыктар болот деп. Мына ошол кыйынчылыктар башталды. Бирок биз аны алдын-ала билгенбиз.

Эксперт Рафкат Хасановдун пикиринде, экономикалык кризистин салакасы Кыргызстанга эң ириде Орусия менен Казакстанда иштеп жүргөндөр салчу акчанын азайышынан, ошондой эле Кыргызстан чыгарган продукциялардын сыртка экспорттолушунун төмөндөшүнөн, сырттан инвестициянын аз келишинен, кыйла тармактардын өнүгүшүнө шарт түзчү курулуштун төмөндөшүнөн көрүнөт.

- Биздин дүйнөлүк экономикалык мамыр-жумур мамиледен бираз четте калышыбыз айрым экономист адистер туура белгилешкендей азыноолок кармалып турушубузга өбөлгө түзөт,- дейт ал.

Өкмөттүк жыйында экономикалык кризис жылындагы үч айлык социалдык-экономикалык жагдай талкууга алынмакчы.

XS
SM
MD
LG