Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:45

Козу карындан ууланган кыргызстандыктардын саны он бешке жетти


Саламаттык сактоо министринин орун басары, мамлекеттик башкы санитардык дарыгер Сабиржан Абдукаримовдун “Азаттыкка” түз ободо билдиргенине караганда алардын ичинен бир аял, бир өспүрүм бала мерт болду. Негизинен жапайы козу карындан Бишкек шаарынын, Сокулук жана Аламүдүн районунун тургундары жабыркап атышат. Буга байланыштуу Санитардык дарыгер жапайы козу карынды базарларда сатууга тыюу салды. Алгачкы уулануу фактысы 6-майда катталган. Жапайы козу карындан уулануу жыл сайын жаз маалында массалык мүнөзгө ээ болуп, адам өлүмү менен коштолуп келатат. (BuS)

XS
SM
MD
LG