ЕККУнун (ОБСЕ) “Кыргызстандагы ички иштер органдарын реформалоо” программасынын алкагында “ Жүрүм-турум маданияты - милиция кызматкерлеринин негизги кесиптик сапаты” аттуу темада семинар-тренинг өткөрүүдө. Бул иш чара бүгүн Жайыл районунда өткөрүлүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, милиция кызматкерлеринин мыйзамдуулукту сактоосуна, жарандарга мамилесине, алардын жүрүм-турум маданиятына, кесиптик сапатына байланыштуу семинар эртең Москва районунда , бейөкмөт жана коомдук уюмдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлөт. Анда Петровка айылындагы окуянын чыгышынын себептери талкууланышы күтүлүүдө. (AJ)