Эл аралык укук коргоочу Amnesty International уюму Евробиримдикке ачык кат жолдоп, анда 2005-жылы 13-майда Анжиандагы коогалаңды көз карандысыз иликтөөгө чакырды. Күбөлөрдүн сөздөрүнө шилтеме жасаган укук коргоочулар өзбек армиясынын аракеттеринен Анжианда жүздөгөн киши набыт болгонун ырастап келишет. Ал күнү жергиликтүү түрмөдөн бир катар кылмышкер качып чыгып, демонстранттарга кошулуп кетишкен. Көп өтпөй жоокерлер митингдин катышуучуларыан ок ачкан. Amnesty International уюмунун белгилешинче, андан бери Өзбекстанда адам укугунун абалы абдан начарлап кетти.