Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:52

Бишкектеги Өзбекстандын элчилигинин жанында Анжиян окуясы эскерилди


Бейөкмөт уюмдардын он чакты өкүлү Өзбекстандын элчилиги жайгашкан имараттын жанына “Анжиян трагдиясынын курмандыктарына” деп жазылган гүл чамбарды коюшуп, тосмого кара лента байлашты. Акцияны уюштуруучулардын бири "Ганди" уюмунун башчысы Диана Макенбаева мындан төрт жыл мурда Анжиянда кан төгүлгөн окуя дүйнөнүн башка жеринде эч качан кайталанбашы керек деп эсептейт. Расмий маалыматтарга караганда, 2005-жылы 13-майда Анжияндагы тынч митингке карата Өзбекстандын куралдуу күчтөрүнүн аткан огунан 187 адам набыт кеткен. Альтернативдүү булактарга караганда курман болгондордун саны алты жүзгө жетиши мүмкүн. Курман болгондордун арасында кары-картаңдар, аялдар, жаш балдар дагы болгон. (AJ)

XS
SM
MD
LG