Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:48

А.Атамбаев ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттатып бүттү


Мындай маалымат БШКнын бүгүнкү жыйынында айтылды. Жыйында президенттикке талапкер Алмаз Атамбаевдин үч ыйгарым укуктуу өкүлү катталып, жалпы саны 19 болду жана булардан башка өкүлдөр катталбай тургандыгы кабарланды. БШК бүгүн Темир Сариевдин төрт, Исмаил Исаковдун эки өкүлүн да каттады.БШКнын мүчөсү Жамиля Алымбекованын “Азаттыкка” билдирүүсү боюнча, 18-майда талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктагандан кийин 19-майда талапкерлерди мамлекеттик тил боюнча сынактан өткөрүү башталат. БШКга берген документтери боюнча сыноого биринчи болуп Исмаил Исаков түшүшү мүмкүн. Андан кийин Талас облусу боюнча колдоочулардын колун топтогон Жеңишбек Назаралиев сынактан өтүшү болжолдонууда.(BD)

XS
SM
MD
LG