Христиандар Ыйса пайгамбар туулган деп эсептешкен Бетлеем (Вифлеем) шаарына келээри менен понтифик эл аралык коомчулукту Израиль-Палестина жаңжалын жөнгө салуу аракеттерин ыкчамдатууга үндөдү. Папа палестиналыктарды зордукчул жана террорчул аракеттерден карманууга чакырды. Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас папа менен жолугушууда палестиналыктар өз жеринде туш болуп жаткан чектөөлөрдү сындады. Бүгүн кечинде Рим католик чиркөөсүнүн башчысы палестиналык качкындар лагерине бармакчы.
Рим папасы Бенедикт XVI Израилдин Газа тилкесиндеги эмбаргосунун аякташы үчүн дуба кылаарын айтты