Еврокомиссия компьютерлер үчүн микропроцессор чыгарган америкалык Intel корпорациясын антимонополия тууралуу мыйзамды бузду деген жүйө менен 1 миллиард еврого айыпка жыкты. Еврокомиссиянын ырасташынча, Intel корпорациясы башка америкалык AMD (Эй-Эм-Ди) компаниясынын дүйнөлүк базарда эркин атаандаштыгына тоскоол болгон. Intel корпорациясы дүйнөлүк базардын 80 пайызын ээлесе, AMD компаниясына болгону 20 пайыз тийешелүү. Еврокомиссиянын 8 жыл жүргүзгөн иликтөөсүнө ылайык, Intel корпорациясы атаандаштыктын өнүгүшү үчүн тоскоолдуктарды жаратып келген.